Биз менен байланышыңыз

Депутаттар, министр жана вице-мэрлер промороликке тартылышты (видео)

Кыска кабар | 4 Июн 2024 | 144 | 0

Бишкекте 11-15-июнь күндөрү экинчи «Бишкек эл аралык кинофестивалы» өтөт. Фестиваль быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналат.

Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Бишкек мэриясынын колдоосу менен уюштурулууда.

Беш күнгө созулган фестивалга 20дан ашуун өлкөдөн 70тей коноктун келиши жана 200дөн ашык кино ишмерлеринин катышуусу күтүлүүдө.

Кинофестивалда борбор азиялык жана эл аралык конкурстар, «Ретроспектива» программасынын тасмаларын көрсөтүү, кинематографисттердин жана дүйнөнүн бардык маданият ишмерлеринин катышуусунда панелдик дискуссиялар өтөт.

Борбор Азия конкурсунун программасында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан келген кинематографисттердин 11 тасмасы көрсөтүлөт. Эл аралык сынакка сегиз тасма ат салышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM