Биз менен байланышыңыз

Жапония Кыргызстан менен туризм, ишкердикти колдоо багытында иштешүүгө кызыкдар

Кыска кабар | 3 Июн 2024 | 284 | 0
Жапониянын мамлекеттик катчысы, тышкы иштер улук вице-министри Киёто Цудзи.

Президент Садыр Жапаров 3-июнда Жапониянын мамлекеттик катчысы, тышкы иштер улук вице-министри Киёто Цудзини кабыл алды.

Жолугушууда саясий диалогду, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров «Борбор Азия+Япония» диалогунун мамлекет башчыларынын биринчи саммитин өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Жапония менен узак мөөнөттүү кызматташуу Кыргызстан үчүн маанилүү экенин айтты.

Жапон аткаминери «Борбор Азия + Япония» диалогунун саммитин өткөрүү тарыхый учур болуп калышы керектигин белгиледи.

Жапон тарап аймактын туруктуу өнүгүүсүн камсыздаган жана глобалдык маселелерди чечүүчү жаңы кызматташтык демилгелерин көтөрүүгө ниеттенип жатканын айтты. Ал Кыргызстан менен туризм, адам ресурстарын өнүктүрүү, чакан жана орто ишкердикти колдоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Бир айыл – бир өндүрүм» биргелешкен долбоорун да талкуулашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM