Биз менен байланышыңыз

Балдарды коргоо күнү: Абактагы аялдар балдары менен жолукту

Кыска кабар | 2 Июн 2024 | 203 | 0

Жазаларды аткаруу кызматы балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата №2 аялдар мекемесинде соттолгон аялдардын балдары менен жолугушуусун уюштурду. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Иш-чаранын максаты соттолгон аялдарды кылмыштуулуктан эркин коомго аралашууга үндөө, ошондой эле алардын психо-эмоционалдык абалын жакшыртуу. Мындай жолугушуулар үй-бүлөлүк байланышты калыбына келтирүү жана кайра социалдаштыруу  жолундагы маанилүү кадамдардын бири.

Ошондой эле №14 тарбия абагына депуттар Илимбек Кубанычбек уулу жана Эльдар Сулайманов Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан соттолгон өспүрүмдөрдү тарбиялоо процессиндеги инновациялык долбоорлорго багытталган программага бөлүнгөн  200 миң сомдун сертификаттарын тапшырышты.

Мындан сырткары Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери балдар үйлөрүндө, мектеп-интернаттарда тарбиялып жаткан балдарга оюнчук, кийим-кече, окуу курал жана башка керектүү белектерди тапшырышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM