Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандан Кытайга жүн жана андан жасалган буюмдар экспорттолууда

Без рубрики | 31 мая 2024 | 75 | 0

Бишкек шаарындагы Фрунзе заводунун аймагында иш алып барган ишкана 6-майдан тарта жүн жана андан жасалган товарларды Кытайга экспорттой баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен кабарлашты.

Акыркы үч жума аралыгында Кыргызстандан Кытайга 20 тоннадан ашуун жүн экспорттолгон.

Бүгүнкү күндө Фрунзе заводундагы жүн ишканасы ак жүндүн бир килограммын 60-100 сом, кара жүндү 10-15 сомдон сатып алышат. Иштетилген жүндөн улуттук кийим-кече, жууркан-төшөк (одеяло), кийизден жасалган түрдүү буюм-тайымдар чыгарылат.

Министрлик айыл чарба тармагын көтөрүү үчүн кайра иштетүү өнөр жайына өзгөчө маани берилерин, бул багыттардын бири  жүндү кайра иштетүү колго алынарын билдирет.

«Айыл жергесинде каралбай, ыргытылып жаткан жүндүн баалуулугун арттыруу аркылуу мал кармаган жарандардын кирешесин көтөрүү керек», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM