Биз менен байланышыңыз

Словения өкмөтү Палестинаны мамлекет катары таануу чечимин кабыл алды

Дүйнө , Кыска кабар | 31 мая 2024 | 770 | 0

Словения өкмөтү Палестинаны көз карандысыздыгын жана эгемендүүлүгүн таануу тууралуу чечим кабыл алып, Улуттук Ассамблеяга тапшырды. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министрлиги Х (Твиттер) баракчасына жарыялады.

Анда тышкы иштер министри Таня Файон бул чечимди тарыхый кадамдыгын, эки өлкөнүн тең балдары тынчтыкта жашоого укуктуу экедигин айткан.

«Израилдиктер жана палестиналыктар балдарын тынчтыкта, коопсуздукта, өнүккөн өлкөдө тарбиялоого укуктуу. Эки өлкө ортосунда тынчтык орнотуунун жалгыз жолу — Палестинаны малекет катары таануу. Бул жаатта пикирлеш болгон Европа өлкөлөрүнүнда саны өсүүдө».

Буга чейин Ирландия, Испания жана Норвегия Палестинаны мамлекет катары таануу жөнүндө планын жарыялап, 28-майдан тарта күчнө кирерин кабарлаган.

Бул чечимге каршы чыккан Израил Ирландия, Норвегия жана Испаниядагы элчилерин “чукул кеңешме” үчүн чакыртып алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM