Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБи ысык суу берүүгө даяр

Кыска кабар | 31 мая 2024 | 271 | 0

Бишкек шаардык жылуулук электр борбору Бишкек шаарынын тургундарын ысык суу менен камсыз кылуу үчүн жылуулук жана турбиналык жабдууларды ишке киргизүүгө даяр. Бул тууралуу ЖЭБтин маалымат кызматы билдирди.

Суу берүү 3-4 күнгө созулат. Биринчи кезекте социалдык объектилерге берилет. Ал эми жөнгө салуу иштери 10 күнгө чейин созулушу мүмкүн.

Быйыл Бишкекте суу 22-апрелде токтотулган, оңдоо иштери 40 күнгө созулду. Буга чейин профилактикалык иштер жүргүзүлүп, жылытуу мезгилине даярдык көрүү үчүн ысык суу бир айга өчүрүлүп келген.

Бул аралыкта керектөөчүлөрүнө берилүүчү ысык сууну жылытуучу жана сордурууучу жабдууларды күйгүзүүгө жана өчүрүүгө тийиштүү тээктерин оңдолду, буу менен суунун агып чыгышына жол бербөөчү пломбалык материал алмаштырылды жана мөөнөтү өтүп кеткен түтүктөр алмаштырылды.

«Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы 1-июндан тарта жылуу суу бериле баштаарын билдирген. Алгач социалдык мекемелерге берилет.

Ысык суу чыгуу кечеңдеп, маселе жаралса керектөөчүлөрдү колдоо борборуна: (0312) 61-11-69, 1980, ( 0557) 611166, (0777) 61-11-66, (0701) 61-11-66 телефондору аркылуу кайрылууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM