Биз менен байланышыңыз

Эколог: Заңгыраган үйлөрдү курганды токтотуп, сарамжалдуу бололу

Коом , Кыска кабар | 29 мая 2024 | 452 | 0

Акыркы учурда климаттын өзгөрүүсүнөн улам көптөгөн экологиялык көйгөйлөр жаралып жатат. Адистердин айтымында жаратылыштын мындай абалга кептелишине инсандардагы суроо-талап, колдонуу муктаждыгынын көбөйгөнү себеп болууда.

Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан Климат боюнча форумда экология боюнча эл аралык эксперт Булат Эсекин жаратылыштын, климаттын өзгөрүп жатканы боюнча коңгуроо какты. Анын айтымында, экологияга ар бир жарандан тарта өкмөт өкүлдөрүнө чейин кам көрүү зарыл.

«Жер бетинде жашоонун, климаттын бузулушуна жол бербей сактап калуу үчүн жана балдарыбызга жана неберелерибизге биз сыяктуу жагымдуу шарттарда жашоого шарт түзүп берүү үчүн каалоолорубузду чектөө керек. Мисалы аянты чоң батирлерди алууну, заңгыраган үйлөрдү салууну токтотушубуз керек. Ошондой эле өкмөт дагы сууну, топуракты, абаны бузуп, ашыкча акча жана электр энергияны сарптап, керексиз имараттарды курбашы керек. Эң негизгиси бул көйгөйлөрдү чечүүдө чиновниктерди эмес, экологдордун, климатологдордун айтканына көңүл бурууну кеңеш берем».

Есекин экологияны коргоо үчүн таштанды чогултуп, сууну үнөмдүү колдонуу, жарыкты өчүрүп туруу өңдүү жүрүм-турумдарды он эсе көп аткарганга аракет кылуу керектигин айтат.

«Биз табиятты талкалап жатабыз. Мындан улам климат бузулуп жатат. Жаратылыш азыр адамдар келтирген зыянга кайтарым байланыш кылып, локалдаштырып( локализация) жатат. Мындан биз табиятка өтө кылдат мамиле кылышыбыз керек. Ар бир адам өзүбүздөн баштайлы».

Экологдун  айтымында, алардын экологиялык демилгеси экологияга зыян келтирбөөнүн 120 ыкмасын изилдеп чыгышкан. Алардын бири жамгырдын суусун чогултуп алып, кургачылык болгондо сугатка колдонуу. Мындай ыкмалар менен күзгө чейин сугатка суунун запасын камдап алса болоорун айтат.

«Мисалы, жыгачтан жасалган кутуча, салафан, айнек, же кара картонду күнгө коюп жарым күндө кандай кир суу болбосун аны тазалоого болот. Бул нерсени кичинекей бала да жасай алат. Өтө жөнөкөй. Ошондой эле алыскы айыл аймактарда айымдар суу жылытуу үчүн, балдарына тамак-аш жасоодо абдан убара болушат. Көп убакыт жана эмгек сарпташат. Себеби аларда көмүр отун жок. Сууну жылытуунун эң жөнөкөй ыкмасы бар. Күнгө сыналгынын эски, жарактан чыгып калган антенасын тамак-аш колдонгон фольга менен ороп мискейди асып койсо 10 мүнөттө суу кайнайт. Убара болуунун кажети жок. Көп учурда сыналгынын антенасы ыргытылып кетет. Андан экология зыян тартат. Андан пайдалуу жана экологияга зыян тийгизбегендей колдонсок болот».

Белгилей кетсек, учурда Казакстандын Алматы шаарында климаттын өзгөрүүсү боюнча Борбордук Азия конференциясы өтүп жатат. Ага Кыргызстандан барган делегация жана журналисттер да катышууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM