Биз менен байланышыңыз

Ош облусунун Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы 41 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Кыска кабар | 29 мая 2024 | 151 | 0

УКМК тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жаңы-Ноокат айыл аймагынан 41 гектар  жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2000-жылдын 26-июнундагы №882 жана 2014-жылдын 30-декабрындагы №68 токтомдорунун негизинде айрым кызмат адамдары тарабынан тиешелүү трансформациялоо иштери жүргүзүлбөстөн, жергиликтүү калкка жеке турак жай куруу үчүн жалпы аянты 41 гектар жер тилкеси мыйзамсыз берилгендиги аныкталган.

Натыйжада мамлекетке келтирилген материалдык чыгым 452 млн сом деп эсептелинип, 41 гектар жер тилкеси Жаңы-Ноокат айыл аймагынын балансына кайтарылган.

Козголгон кылмыш иши боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бир катар кызмат адамдары, анын ичинде мурда жетекчи кызмат орундарын ээлеген адамдар Кылмыш-жаза кодексинин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Айрым кызмат адамдарына карата УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алындыгы айтылган малыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM