Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаарындагы бир катар объектилер мэриянын карамагына өттү

Кыска кабар | 29 мая 2024 | 181 | 0

Бир катар объектилер Бишкек шаардык мэриясынын карамагына өттү.

Мындай чечимди Министрлер Кабинетинин 28-майда өткөн жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Анда «Чыгыш автобекетинин имаратын Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө» токтому жактырылды. Мындай чечим, мамлекеттин менчигинде турган кыймылсыз мүлктү натыйжалуу пайдалануу, Бишкек шаарынын экологиялык кырдаалын жана архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу максатында кабыл алындыгы айтылды.

Ошондой эле, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаарындагы аянты 1,14 га, болгон тиешелүү жер участогу менен мамлекеттик менчикте турган административдик имаратты мектепке чейинки билим берүү мекемесин уюштуруу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине акысыз өткөрүп берүү боюнча чечим кабыл алынды.

«Бишкек жылуулук тармактары» мекемесинин филиалдарын жана ошондой эле, Бишкек жылуулук электр борборун мэриянын карамагына өткөрүү боюнча маселе да жактырылды. МинКаб башчысы Акылбек Жапаров Бишкек шаардык мэриясы, финансы министрлиги жана энергетика министрлиги менен биргеликте бир айдын ичинде өткөрүп алуу иштерин бүткөрүүнү тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM