Биз менен байланышыңыз

Өкмөт бир канча чөптөн дары даярдоого тыюу салды

Кыска кабар | 29 мая 2024 | 253 | 0

Кыргызстандын аймагында макротомия (Macrotomia DC), арнебия (Arnebia Forssk), ясенец (Dictamnus L), аконит (Aconitum L) жана афлатун пиязы (Allium aflatunense B.Fedtsch) түрлөрүнөн дары-дармек, техникалык, тамак-аш өсүмдүк сырьесун даярдоого, жыйноого үч жылга убактылуу тыюу салынды.

Мындай токтом Министрлер Кабинетинин 28-майындагы жыйынында кабыл алынды.

2021-жылы пандемия мезгилинде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы «Ысык-Көл тамыры» аталышындагы аконитти (уу коргошун аталышындагы чөптүн кайнатмасын) маалымат жыйынында камера алдында ичкен. бул чөптүн тундурмасын президент Садыр Жапаров экөө даярдаганын, ал Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM