Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги Байтик Баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылды. Толук тизме

Кыска кабар | 28 мая 2024 | 133 | 0

Бүгүн, 28-майда Бишкектеги Байтик Баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы жүрүп жатат. Мэриянын маалыматына караганда, буга байланыштуу Байтик Баатыр көчөсү Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаевге чейин жабылды.

Сүйөркулов көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык болот.

Учурда Байтик Баатыр көчөсүнүн Токомбаев жана Сүйөркулов көчөсү менен чектелген бөлүгүндө, Ахунбаевдин Ч.Айтматов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.

Байтик Баатыр көчөсү А.Токомбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин, ал эми Ахунбаев көчөсү Манас проспектисинен тарта Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт.

Мындан тышкары, оңдоо иштерине байланыштуу төмөнкү көчөлөр жабылган: 

— Манас айылы көчөсү Ч. Айтматов проспектисинен Кырман көчөсүнө чейин;

— Коңорчок көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;

— Матросов көчөсү Кулатовдон Л. Толстойго чейин;

— Көкчө тоо чолок көчөсү Щербаков көчөсүнөн Тоголок Молдого чейин;

— Нарвская көчөсү Профсоюз көчөсүнөн Бородин көчөсүнө чейин;

— Февраль көчөсү 8-март көчөсүнөн Коллектив көчөсүнө чейин;

— Керамическая көч. Аул көчөсүнөн мечитке чейин;

— 9-кичирайону, түндүк тарабы 3б, 5б Саманчин көчөсүнөн Байтик Баатырга чейин;

—  Исаков көчөсү Ташкент көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин;

— Эркиндик бульвары Жибек-Жолу проспектисинен Абдымомунов көчөсүнө чейин;

— Ахунбаев көчөсү Шабдан Баатыр көчөсүнөн Достоевскийге чейин.

Бишкек мэриясы жол тыгынын болтурбоо үчүн каттамдарды алдын ала пландаштырууну, ошондой эле жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM