Биз менен байланышыңыз

Аскат Жетиген: Кыйноого абакта эмес, УКМКнын мекемесинде кабылдым

Кыска кабар | 28 мая 2024 | 258 | 0

Ырчы Аскат Жетиген уулу өзүнө карата кыйноолор тергөө абагында эмес, УКМКнын шаардык мекемесинде болгонун айтты.

Бул тууралуу ал бүгүн, 28-майдагы сот отурумунда ачыктады.

Аскат Жетиген 23-майдагы отурумда кыйноого кабылганын айткан.

Жактоочусу бул фактыны Аскер прокуратурасы териштирип жатканын билдирген.

Жазаларды аткаруу кызматы тергөө абагында Аскат Жетигенге кыйноо болбогонун билдирген.

Массалык башаламандыктарга жана бийликти басып алууга чакырык жасоо беренеси менен айыпталып жаткан акын, активист Аскат Жетиген 20-мартта камакка алынган. Аны 16-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кочкордон кармап, Бишкекке алып келген.

Социалдык тармактагы видеокайрылуусунун негизинде ага «бийликти басып алууга чакырык жасаган»  деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгон.

IMG_4153

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM