Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 27-майда айрым аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 26 мая 2024 | 349 | 0

Эртең, 27-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Ош облустарынын тоолуу райондорунда күн күркүрөп, жаан жаашы күтүлөт. Ош облусунун дыйканчылык жана башка аймактарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлүүдө. Алм эми Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн + 3… + 8, күндүз +20… + 25,

Талас жергесинде түнкүсүн +1… + 6, күндүз + 17 … +22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6… + 11, күндүз +23 … +28,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн + 1 … + 6 0 … -2 (үшүк), күндүз +14…+19

Нарын облусу түнкүсүн -4…-9, күндүз + 3…+8.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 23…25 градус ысык болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM