Биз менен байланышыңыз

Акыркы коңгуроо: Бүтүрүүчүлөрдү тоого ташыган 48 авто унаа аныкталды

Кыска кабар | 26 мая 2024 | 300 | 0

«Акыркы коңгуроо» аземинен кийин бүтүрүүчүлөрдү тоого ташыган 48 авто унаа аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, буга чейинки эскертүүлөргө карабастан, «Акыркы коңгуроо» аземинен кийин,  мектеп бүтүрүүчүлөрүн шаардан сырткары эс алуучу жайларга кортеж унаалары менен ташыган өлкө аймагында 48 унаа аныкталды.

Алардын ичинен:  Бишкек шаарында 29  кортеждик жана 16 маршруттук унаалар, ал эми Нарын облусунда мектеп бүтүрүүчүлөрүн  шаардан сырткары эс алуучу жайларга ташыган үч унаа аныкталган.

Бул унаалардын ичиндеги бүтүрүүчүлөрдүн баары аймактык милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, авто унаалар убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.

21-майда Ички иштер министрлиги “Акыркы конгуроо” күнү милиция күчөтүлгөн тартипте иштей турганын, өлкөдө 4000ден ашуун милиция кызматкери коопсуздукка жана коомдук тартипке көзөмөл кылаарын билдирген.

Ошондой эле «Акыркы коңгуроо» салтанаты өтүп жаткан кезде мектептерде милиция кызматкерлери жана кайгуул күзөт кызматтары иштей турганы айтылган.

Билим берүү жана илим министрлиги бул күндү майрамдоого акча чогултууларга тыюу салып, жоопкерчилик, коопсуздук чараларын көрүүнү мектеп директорлоруна буйруган. Буйрукка баш ийбеген жетекчилер жоопко тартылары эскертилген.

Быйылкы окуу жылында 9-классты Кыргызстандын мектептеринде 128 миң бала аяктап жатат. Ал эми 11-классты 73 миңден ашык окуучу аяктоодо. Бүтүрүүчүлөр быйыл биринчи жолу электрондук күбөлүккө ээ болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM