Биз менен байланышыңыз

Аксы районунда сел коркунучунан улам 250 жаран эвакуацияланды

Кыска кабар | 26 мая 2024 | 156 | 0

Жалал-Абад облусунун Аксы районунуна караштуу Кара-Камыш айылында сел коркунучунан улам 250 коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

ӨКМ маалыматына ылайык, 25-май күнү 19:00 чамасында нөшөрлүү жааган жаандан улам Аксы районунун Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн Кезарт сел сайына түшкөн суунун көлөмү көбөйүп, Кара-Жыгач-Кызыл-Көл авто жолунун 6-чакырымында жолго сел калдыктары үйүлүп, жол каттамы жабылган.

Ошондой эле Кара-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп,  сол жээгин жеп турак жайларга кооптуулук жаралып, жергиликтүү тургундар коопсуз жайга убактылуу эвакуцияланган.

Учурда селдин кесепеттерин жоюу жана кырсыктын алдын алуу иштери жүрүп жатат. Сел кирген турак жайлардын суулары мотопомпанынын жардамында коопсуз жайга чыгарылып, 11 оор инженердик техниканын жардамында  чарбалык жолдорду калыбына келтирүү аракети  көрүлүүдө.

Буга чейин да нөшөрлүү жааган жаандан улам өлкө аймагында бир канча жерде сел жүрүп, дарыялар, суулар ташкындап, сел суулары үйлөрдү каптаган. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM