Биз менен байланышыңыз

Эң аз пенсия 6900 сом. Эки этап менен көтөрүлөт

Коом , Экономика | 23 мая 2024 | 892 | 0

1-октябрдан тарта пенсионерлер колуна 6900 сомдон кем эмес пенсия ала баштайт. Социалдык фонддун маалыматына караганда, пенсия эки этап менен көтөрүлөт. Биринчиси 1-июлдан баштап, мында бардык пенсиянын базалык бөлүгү 3500 сомго жеткирилет. Ал эми 2-этабында пенсия 6900 сомдон кем болбойт. Соцфонд Кыргызстанда жакынкы аралыкта пенсия курагын көтөрүү планы жок экенин билдирди. 

1-октябрдан тарта пенсионерлер колуна 6900 сомдон кем эмес пенсия ала баштайт.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев пенсия эки этап менен көтөрүлөрүн белгиледи.

«Кыргызстанда 1-майга карата 779 миң пенсионер бар. Алардын 80 миңге жакынынын пенсиясынын базалык бөлүгү 3170 сомду түзөт. Пропорционалдуу түрдө эсептелгенде, аялдардын стажысы 20 жыл, эркектердики 25 жыл болуш керек. Эми пенсионерлердин базалык бөлүгү теңделип, пенсия 3 миң 500дөн кем болбойт. 1-октябрга карата пенсионерлердин саны 787 миң 500 болот деп күтүп жатабыз. Алардын бардыгынын пенсиясы көтөрүлөт. Учурда 1 миң, 1 миң 500, 2 миң сом өлчөмүндөгү пенсиялар бар. Пенсиялардын бардыгы 6 миң 900 сомго жеткирилет».

Социалдык фонддун маалыматына ылайык, пенсияларды көбөйтүү иш-аракеттери 3 жылдан бери жүргүзүлүп келет. 2022-жылы пенсия 1-октябрда 33%га көтөрүлгөндө кошумча 20 млрд сом керектелди. Ал эми 2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 38%га жогорулатканда ага да кошумча 20 млрд сом сарпталды. Быйылкы жылдын 1-октябрынан баштап пенсия көтөрүлгөндө кошумча 20 млрд сом керектелет.

Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиев белгилегендей, Кыргызстанда жакынкы аралыкта пенсия курагын көтөрүү планы жок.

«Өлкөдө пенсияга чыгуу курагы мурдагыдай эле – аялдар үчүн 58 жаш, эркектер үчүн 63 жаш. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсеби боюнча, акыркы 15 жылда адамдын өмүрүнүн узактыгы 4 жылга узарган. Эгерде 2002-жылды алсак, Кыргызстанда 80 жаштан ашкан 2500 адам жашаса, азыр алардын саны көбөйүп, 60 миңден ашты».

Мындан тышкары Соцфонддун жетекчиси Бактияр Алиев өлкөдө чакан жана орто ишканалар үчүн социалдык төлөмдөр 12%га чейин төмөндөтүлөрүн билдирди.

Айтуусунда, ишканалардын социалдык төлөмдөрү учурда 27%ды түзөт. Жумуш берүүчү бүгүнкү күндө кызматкери үчүн соцфондго 17 пайыз төлөсө, ал эми кызматкерлери 10% төлөйт. Эми социалдык төлөмдөр 12%га түшсө ишканалар 2% гана которот.

«Ишканалар үчүн социалдык төлөмдөр 27 пайыздан 12 пайызга чейин түшүрүлгөнү жатат. Эми жумуш берүүчүлөр 2% гана төлөй тургандыктан айлыктар конверт менен берилбей калат деп ишенебиз. Бул мамлекет тарабынан чоң колдоо деп ойлойм. Бул мыйзамды министрлер кабинети Жогорку Кеңешке жөнөттү. Комитеттерде каралып бүттү, эми 1-окууга киргизилет. Учурда өлкөдө 900 миңдей киши соцтөлөмдөрдү төлөбөйт. Тариф азайтылып жаткандыктан, социалдык төлөмдөрдү чегергендер көбөйөт деп боолголонууда. Биздин жарандар пенсияларды Европа мамлекеттерине салыштыра беришет. Ал жакта социалдык төлөмдөрдү төлөө маданияты бийик. Алар жумуш берүүчүлөрдөн айлыктарын конверт менен алышпайт. Стаж керек деп пенсияны ойлошот. Социалдык төлөмдөрдү төлөп турса, кийин пенсияны ошого жараша алат».

Кыргызстанда 1-июлдан тарта пенсияны көтөрүүнүн биринчи этабы башталат. Бул тууралуу «Жаңы кадам» социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров билдирди.

Өлкө башчысы пенсияларды көтөрүү 2024-жылдын 1-октябрына белгиленген.

Социалдык фонд ушул жылдын январь-апрель айларында 23 миң 928 жаранга пенсия дайындалып, чектелгенин билдирген. Анын ичинде апрель айында 5514 жаранга пенсия чектелди.

Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1282 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялары кайрадан эсептелинди.

Copyright © 2017 Maral FM