Биз менен байланышыңыз

Президент педофилдерди өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча мыйзамга кол койду

Кыска кабар | 23 мая 2024 | 247 | 0

Президент Садыр Жапаров «Айрым мыйзам актыларына (кылмыш-жаза кодексине, Жазык-процесстик кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»мыйзамга кол койду.

Ага ылайык Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди, анда кылмыш жасаган учурда алтымыш жаш куракка жеткен, баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган эркектерге өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындалышы мүмкүн. Ошондой эле Мыйзам менен Жазык-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, анда сот жазаны өтөөгө тоскоол болгон катуу оорунун бар экендигине карабастан баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган адамга жаза дайындоо менен айыптоо өкүмүн чыгараары каралган.

Мыйзам 2024-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.Мыйзам боюнча жашы жете элек бала деп 18 жашка чейинки жарандар эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM