Биз менен байланышыңыз

Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын жыйыны өтүүдө

Кыска кабар | 23 мая 2024 | 320 | 0
Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева Бишкекте

Бүгүн, 23-майда Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева Бишкек шаарына иш сапары менен келди.

Аны «Манас» аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева тосуп алды.

Бүгүн алгачкы ирет «Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикасындагы аялдардын ролу: Санариптик, социалдык жана экологиялык инновацияларды жайылтуу үчүн лидерлик» темасында Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын жыйыны өтүүдө.

Ага Казакстан парламентинин мажилисинин төрагасынын орун басары Дания Еспаева, Түркмөнстан межлисинин илим, билим берүү, маданият жана жаштар саясаты боюнча комитетинин төрайымы Бахар Сейидова келди.

Ал эми Тажикстандын өкмөтүнө караштуу аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Фируза Нуруллозода баштаган  делегация онлайн катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM