Connect with us

Президент «апрелчилерге» тигүү фабрикасын куруу үчүн 1 гектар жер бөлүп бергенин билдирди

Кыска кабар | 22 Июн 2024 | 269 | 0

Президент Садыр Жапаров эки жылдан бери 2010-жылы Апрель окуясында каза болгондордун жакындары жардам сурап келишкенин, жакында аларга 200 орундук тигүү фабрикасын куруу үчүн 1 гектар жер бөлүп бергенин «Кабар» агенттигине 22-июнда курган маегинде билдирди.

«Туугандар, мени Бакиев менен силердин ортоңорго аралаштырбагыла, ансыз деле менин башка баш оорум көп”, деп баш тарткам. Арадан бир топ убакыт өтүп былтыр күз айларында дагы келишти. “Биз Бакиев менен сүйлөштүк, ал бизге 200 кишилик тигүү фабрикасын куруп берүүгө убадасын берди. Бизге жер бөлүп бериңиз, биз абдан кыйналдык, алды чет өлкөгө тентип кетишти, артыбыз жумушсуз кыйналып жүрөбүз”, деп суранышты. Акыбалдарын байкасам, чынында эле кыйын экен. Ортодо убактылуу өкмөт тарапка бир топ нааразычылык сөздөрдү айтышты»-деди президент.

Жапаров апрелчилер ачык акционердик коом түзүшкөнүн, жерди АК бергенин билдирди.

«Баарынын акыбалын карап туруп бир чети боорум ооруса, экинчи чети 200 үй-бүлөгө шарт түзүп берем деп атса жакшы экен деген ойго келип, 1 гектардан ашыгыраак жер бөлдүрүп бердим. Мен 200 эмес, 2 эле үй-бүлөгө бирөө жарым шарт түзүп берип, жашоосун оңдоого салым кошсо кубанамын. Себеби ар бир кыргызстандыктын тагдыры өлкө башчы катары менин мойнумда. Ошол үчүн жер бөлүп бердим.

Апрель окуясында жакындары каза болгондор 205 киши топтолуп, акционер болуп АК ачышыптыр. Жерди ошол АКга бердик. Жалгыз кишиге берген жокпуз. Эми салынабы же жокпу айта албайм. Себеби апрелчилер менен Бакиев кандай сүйлөшүштү, эмне деп келишишти мага белгисиз. Кыскасы менден кетпесин деп жер бөлүп бердим. Убакыт берели, фабрика салынбаса, жерди кайра мамлекетке тез эле кайтарып алып коёбуз».

2010-жылдагы «Апрель» окуясына быйыл 14-жыл болду. Апрел окуясында 80ден ашуун жаран каза болуп, жүздөгөн жарандар жарадар болгон.

Ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийликти үй-үбөлүк, кландык башкаруусуна коомчулук нааразы болуп чыгышкан. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен Беларуска чыгып кеткен. Бүгүнкү күнгө чейин Беларуста баш калкалап келет.

Copyright © 2017 Maral FM