Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Чикаго шаарында кыргыз диаспорасы менен байланышты чыңдоого жана Кыргызстандын маданиятын чет өлкөлөрдө жайылтууга багытталган бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Сүйүнбек Касмамбетов Kyrg Demy долбоорлору тууралуу айтып, маданий мурастарды сактоо жана кыргызстандыктардын жаңы муунун алардын ата-тегин сыйлоо духунда тарбиялоо үчүн маанисин белгиледи.
Мындан тышкары, мамлекеттик катчы салттуу кол өнөрчүлүк, улуттук кийимдер жана көркөм өнөр чыгармалары коюлган кыргыз этно-маданий көргөзмөсү, ошондой эле Kyrgyz Community Center кыргыз коомдук бирикмесинде ачылган кыргыз тил жана улуттук бий боюнча класстары менен таанышты.
Касмамбетовдун Чикагого болгон иш сапары Кыргыз Республикасы менен анын АКШдагы диаспоранын ортосундагы байланышты чыңдоодо, кыргыз маданиятын жайылтууда жана кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзүүдө маанилүү кадам болду.