Биз менен байланышыңыз

Ирландия, Испания жана Норвегия Палестинаны мамлекет катары тааныйт

Дүйнө , Кыска кабар | 23 мая 2024 | 606 | 0

Ирландия, Испания жана Норвегия Палестинаны мамлекет катары таануу жөнүндө планын жарыялады. Чечим расмий түрдө 28-майда күчүнө кирет. Израил бул чечимге кескин каршылыгын билдиргенин BBC News жазды.

Норвегиянын тышкы иштер министри Эспен Брат Эйде бул чечим эки өлкө үчүн да тынчтыкка жетүүнүн жалгыз жолу экендигин белгиледи.

«Эки мамлекет жөнүндөгү чечим — Израил үчүн да, Палестина үчүн да тынчтыкка жетүүнүн жападан-жалгыз жолу. Мындай өтө кыйчалыш учурда биз Палестинаны таанып, чөлкөмгө тынчтык орнотуу боюнча жалпы орток планды колдойбуз» ,- дейт Эспен Брат Эйде.

Ал эми Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стор Газада согуш токтобой жатканын айтып, тынчтыкка жана туруктуулукка жетүү үчүн Палестина маселесин чечүү керектигин айдан-ачык көрсөтүп койгонун айтты.

Ошондой эле Ирландиянын премьер-министри да Саймон Хоррис Палестинаны мамлекет катары тааный турганын билдирди.

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес Испания Палестинаны 28-майдан тарта расмий түрдө мамлекет катары тааный тургандыгын Мадридде билдирди.

Бул чечимге каршы чыккан Израил Ирландия, Норвегия жана Испаниядагы элчилерин “чукул кеңешме” үчүн чакыртып алган.

Израилдин тышкы иштер министри Исраэль Кац Норвегия, Ирландиянын бул чечимине каршы алардын мамлекеттүүлүгүнө шек келтирип, коопсуздугуна коркунуч жаратуудан чегинбей тургандыгы тууралуу ачык билдирүү жөнөтөөрүн айткан.

Эгер Испания Палестинанын мамлекеттүүлүгүн таануудан баш тартпаса аларга да ушундай эле билдирүү жөнөтөөрүн кошумчалаган.

Ушул жылдын май айынын башында Бириккен Улуттар Уюумунун Башкы Ассамблеясында 193 мамлекеттин ичинен 143 өлкө Палестинанын БУУга мүчө болуусун колдоп добуш берген.

Мыйзам долбооруна 25 «калыс» добуш берилди, ал эми АКШ, Аргентина, Папуа-Жаңы Гвинея, Чехия жана Венгрия баш болгон 9 өлкө «каршы»  добуш берген.

Палестина 2011 — жылы БУУга толук мүчө болуу үчүн арыз берген, бирок БУУнун Коопсуздук Кеңешинде керектүү колдоо ала алган эмес. Палестина 2012 — жылы БУУда «туруктуу байкоочу статусуна» ээ болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM