Биз менен байланышыңыз

Жол эрежелерин бузуу фактыларын сүрөт, видеого тартып жөнөтүңүз

Кыска кабар | 23 мая 2024 | 168 | 0

Жарандар жол эрежелери бузулганы тууралуу фактыларды Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын WhatsApp номерине жөнөтө алышат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Башкармалык жарандардын кайрылууларын түз кабыл алуу үчүн күнү-түнү байланышта болгон (0777)-102-102 WhatsApp номерин ишке киргизди.

Көчөлөрдө унааларды туура эмес жерлерге токтотуп койгон учурлар, жол тыгындары, жол кырсыктары, мас айдоочуларды жана башка жол эрежелерин бузуу фактылары тууралуу сүрөт жана видео тартып, жөнөтүп койсо болот.

Мекеме мындай көрүнүш жарандарга тейлөө кызматын жакшыртып, эл менен милиция кызматкерлеринин мамилесин жакшртып, коомду тартипке салууга жакшы шарт түзөрүн белгилейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM