Биз менен байланышыңыз

«Акыркы коңгуроо»: Көзөмөл күчөтүлүп, жолдорго атайын посттор коюлат

Кыска кабар | 22 мая 2024 | 217 | 0

«Акыркы коңгуроо» иш-чарасы учурунда жана он жылдык, жыйырма жылдык жолугушуулар учурунда көзөмөл күчөтүлөт. Атайын посттор коюлат.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо  башкы башкармалыгы билдирди. Учурда бардык орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө, мугалимдерге жана ата-энелерге балдардын коопсуздугунун маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн унааларды жалдап, ата-энелердин коштоосу жок жаратылышка, эс алуу жайларына, түнкү клубтарга барып, мас абалында ар кандай укук бузууларга барбашы үчүн түшүндүрүү иштери жасалууда.

Мындан тышкары, он жылдык, жыйырма жылдык жолугушуулар учурунда да ичимдик ичип, унаа башкаргандарга көзөмөл болуп,  шаарларга кирип чыга турган жолдорго атайын күзөт посттору орнотулат.

25-май күнү Кыргызстандын бардык мектептеринде окуу жылынын аякташына карата салтанаттуу иш-чара өтөт.

​Ички иштер министрлигинен коопсуздукту камсыздоого жалпы 4 миңден ашык кызматкер тартылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM