Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Ирандын президентинин өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты

Кыска кабар | 20 мая 2024 | 148 | 0

Президент Садыр Жапаров Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раисинин каза болгондугуна байланыштуу Иран лидери Аятолла Сейед Али Хоссейни Хаменеиге көңүл айтты.

Президент Садыр Жапаров Иран лидери Аятолла Сейед Али Хоссейни Хаменеиге президент Ибрахим Раисинин жана аны коштоп жүргөн адамдардын тик учактын кыйрашынан улам каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Иран Ислам Республикасынын президенти Улуу Даражалуу Сейед Эбрахим Раисинин трагедиялуу жагдайда тик учак кырсыгынын кесепетинен мезгилсиз дүйнө салгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Улуу даражалуу Сизге жана Иран Ислам Республикасынын боордош элине, маркумдун үй-бүлөсү менен жакындарына кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм».

Маркум президент Эбрахим Раиси Иран Ислам Республикасынын дүйнөлүк аренадагы аброюнун жогорулашына, анын өсүп-өнүгүшүнө жана элинин бакубат жашоосуна эбегейсиз зор салымын кошуп кетти.

Ирандын президенти Ибрахим Раиси тик учак кырсыгынан улам каза тапты. Бул маалыматты Ирандын вице-президенти Мухаммед Мухбир жарыялаган.
«Ирандын президенти жана аны коштогон делегация тик учак кырсыгында каза тапты. Биздин президентибиз Ибрахим Раисини алып бара жаткан тик учак Ирандын түндүк-батышындагы тоолуу аймакта кырсыктап, анда өлкө башчы менен кошо Ирандын тышкы иштер министри Хуссейн Амир Абдоллахиян да каза тапты. Президентти жалпы 8 делегация коштоп барган», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 19-майда Иран президенти тик учак менен Азербайжанга учуп келген. Анда Азербайжан президенти менен Илхам Алиев менен жолугушуп, Иран менен Азербайжандын чек арасына курулган суу сактагычтын ачылышына катышкан.

Иш сапардын кайткан учурда, коюу тумандан улам тик учак Иран-Азербайжан чек арасындагы тоолуу аймакка конууга мажбур болгону айтылган.

Ирандын расмий маалымат булактары коюу туман куткаруу иштерин кыйындатканын жазды. Ал эми Түркиянын «Акынжы» учкучсуз учагы жардамга келип, тик учак кырсыктаган жайды аныктоого жардам бергени айтылды.

63 жаштагы Ибрахим Раиси 2021-жылы президент болуп шайланган. Ал эки турга созулган шайлоо процесси менен келген. Бийликке келгенден кийин бийликке каршы нааразычылык акцияларына чыккандарга карата катаал жазалары менен таанымал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM