Биз менен байланышыңыз

«Социалдык келишим» программасына катышуу үчүн арыздар карала баштады

Кыска кабар | 15 мая 2024 | 192 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, «Социалдык келишим» программасына катышуу үчүн арыздар карала баштады.

Программанын алкагында чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сомду акысыз алууга болот.

Үстүбүздөгү жылы программага 23 миң үй-бүлө катыша алат. Анын 20 миңи республикалык бюджеттен каржыланат, буга 2 млрд сом бөлүнгөн. Калган 3 миңди Дүйнөлүк банк аркылуу алышат.

Социалдык паспорту бар же «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пул алган жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр каражат ала алышат. Үй-бүлө эмгек жана мүлк потенциалына ээ болушу керек, ошондой эле чыныгы бизнес-план түзүшү шарт.

Социалдык контракт түзүүдө артыкчылык 3 же андан көп балалуу же майыптыгы бар үй-бүлөлөргө, «бир айыл – бир продукт» долбоорунун жана жашыл экономиканын критерийлерине жооп берген кирешелүү жана туруктуу бизнес планы бар үй-бүлөлөргө берилет.

Социалдык контракт түзүү жөнүндө чечимди жергиликтүү мамлекеттик администрациянын алдындагы социалдык контрактты ишке ашыруу боюнча убактылуу комиссия кабыл алат, анын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, жергиликтүү кеңештердин жана Эмгек министрлигинин аймактык башкармалыктарынын жана башка ведомстволордун өкүлдөрү кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM