Жалал-Абад шаарында атайын кызматтын, чек арачылардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары үчүн «Мекен деми» балдар бакчаксы ачылды. Анын ачылышына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
Имарат 200 балага ылайыкташкан жана балдар, тарбиячылар үчүн керек болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн.
Ташиев өлкө боюнча бардык облус шаарларда ушундай балдар бакчасы курулуп жатканын, көпчүлүк бөлүгүндө курулуштар аяктаганын билдирди.
Балдар бакчасынын жетекчисине унаа белек кылынып, жергиликтүү ишкерлер тарабынан колдоо иштери улантылаары айтылды.
«Мекен деми» балдар бакчасын куруу иштери жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен каржыланып, мамлекеттик казынадан акча коротулган эмес.