Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров акыйкатчысы Жамиля Жаманбаеваны кабыл алды

Кыска кабар | 13 мая 2024 | 95 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, өлкөнүн акыйкатчысы Жамиля Жаманбаеваны кабыл алды.

Мамлекет башчыга адам укуктарын коргоо боюнча Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү, ошондой эле мыйзамдарды жакшыртуу жана жарандардын укуктарынын сакталышын камсыздоо механизмдери боюнча чаралар тууралуу маалымат берилди.

Жамиля Жаманбаева өткөн жылы Акыйкатчы институтуна 11 миңден ашуун адам кайрылганын маалымдады. «Ыкчам байланыш» номери аркылуу юридикалык кеңеш алуу үчүн төрт миңге жакын жаран кайрылган.

Садыр Жапаров адам укуктарын коргоо боюнча Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүн күчөтүү зарылдыгын айтты. Аялдарга жана балдарга карата зомбулук фактыларына ыкчам жооп кайтаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент Акыйкатчы институтуна колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча алдыңкы тажрыйбаларды алмашууда эл аралык кызматташтыкты чыңдоо керектигин айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM