Кыргызстанда чакан ишканаларды эсепке албаганда, бир кызматкердин номиналдык орточо айлык эмгек акысы 2024-жылдын январь-март айларына карата 34 миң 46 сомду түздү. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11% га көп. Ал эми керектөө бааларынын индексин эске алганда реалдуу эмгек акынын өлчөмү 5,3% га жогорулады. Бирок эл мындай сандар кайсы жактан алынганына баш катырууда. Себеби алар реалдуулук башка экенин белгилешет.
Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл төрт айда орточо айлык эмгек акынын өсүшү дүң жана чекене соода чөйрөсүндө, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоодо 39,4% га өскөн.
Тейлөө ишинде 41,7% га, суу менен камсыздоо, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана экинчи чийки затты алуу чөйрөсүндө 32,8% га жогорулаган.
Курулушта 32,6% га, пайдалуу кендерди казып алууда 26% га, кесиптик, илимий жана техникалык иште 22,8%.
Кыймылсыз мүлк менен алектенгендердин айлык акысы 22% га, ошондой эле транспорттук иште жана жүктөрдү сактоодо 21,4% га өсүш байкалган.
Экономист Искендер Шаршеевдин пикиринде, бир айда шаарда адам башына 45 миң сомдон жогору, ал эми айылда 30 миң сомдой каражат керектейт.
Ал өлкөдөгү орточо айлык акы 34 миң сом учурдагы инфляцияга туруштук бере албайт деп эсептейт.
«Шаарды алсак, мисалы адам башына 42-45 000 сом керек. Эгер үй-бүлө болсо орточо 70 000 сомдон 100 000 сомго чейин керектелет. Бул боюнча атайын изилдөлөрдү карасак болот. Ал эми айыл жергесинде 20-30 000 сом тамак-ашка гана жетет. Бирок кошумча чыгымдарга жетпей калышы мүмкүн. Мисалы кийим-кечеге, мектепке, бала бакчага, автоунаасы болгон болсо, аларды ремонт кылууга жетпей калуу ыктымалы бар. Мурда бул сандар Экономика министрлиги тарабынан так айтылбай келген. Ал эми учурда так жана ачык маалыматтар берилип жатат. Бирок бул эмгек акы бир адам үчүн жетишсиз».
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2023-жылдын 9 айында орточо айлык акы 2022-жылга салыштырмалуу 25 пайызга өсүп, ал 32 миң 78 сомду түзгөн.
Тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 27%га көбөйүп, ал 9,407 млрд АКШ долларын түздү.
Кыргызстандын экспорттук кирешеси 46%га өсүп, 1850 млрд АКШ долларын, ал эми импорт 23%га өсүп, 7,5 млрд долларга жеткен.
Мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү боюнча да өсүш байкалып, 2023-жылдын 9 айында 23 млрд сомду түзгөн, ал өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 20%га көп болгон.
Өткөн жылдын 9 айында дүң жана чекене соода 18%га өсүп, 791 млрд сомго жеткен.
Экономист Эрлан Камалов орто айлык акы 34 миң сомдон ашканын белгилеп, бирок бул каражат бир адамдын күнүмдүк муктаждыктарын жабат дегенден алыс.
Айтуусунда, эмгек акы тез-тез көтөрүлүп турушу керек. Бул инфляциялык күтүүлөрдүн, өзгөрүүлөрдүн алдын алууга жардам берет.
«Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, орточо айлык акы 34 000 сомдон ашты. Бул акча азыркы учурда биздин күнүмдүк муктаждыктарыбызды жабат деп айтууга эртерээк. Себеби үй-бүлөнү камсыздап жаткан атасы же апасы болобу экөөнүн эмгек акысы, жалпы үй-бүлөнүн киреше-чыгашасын жаппай да калуусу мүмкүн. Кээ бир учурда көпчүлүк элдин ичинде түшүнбөстүк болуп, менин айлыгым 34 000 сом эмес деген пикирлер айтылып жүрөт. Балким мындан аз болушу мүмкүн. Бирок бул жакта ороточо айлык жөнүндө сөз болууда. Мисалы бизнес чөйрөсүндө айлык акы кыйла жогору болушу мүмкүн. Негизи эмгек акы тез тез көтөрүлүп турушу керек. Бул инфляциялык күтүүлөрдүн, өзгөрүүлөрдүн негизинде дайыма элдин кирешесин идентификация кылышыбыз керек. Ошол идентификация кылына турган кирешелердин негизгиси – бул эмгек акы, пенсиялар, жөлөкпулдар жана ар кандай мамлекеттик социалдык төлөмдөр дагы кирет. Ошондуктан эмгек акынын инфляцияга жараша көтөрүлгөндүгү бул реалдуу эмес. Былтыркы жылга салыштырмалуу 11% көтөрүлө турган болсо, инфляциянын өсүшү эмгек акынын өскөндүгүн жеп койбош керек».
Өткөн жылы Улуттук статистика комитети өлкөдөгү жашоо минимумун 7 миң 756 сом деп белгилеген. Бирок жашоо минимумдун мындай көрсөткүчү өлкөнүн экономикасы артта калганынан кабар берерин айткандар болгондор. Мындан сырткары бир адам социалдык жактан толук камсыз болуу үчүн бул каражат жетпей турганын айтышкан.
Дагы бир экономист Төлөнбек Абдыров бүгүнкү күндө бардык нерсе кымбаттап, инфляция өсүп жатканын белгиледи. Ал бир адамга айына 34 миң сом аздык кыларын айтты.
«Эми күндө-күнгө бардык нерсе кымбаттап жатат. Бирок Кыргызстан боюнча карап көрсөк, инфляцияны былтыркы жыл менен салыштырганда 7,5% пайыз болду. Бирок жалпысынан алганда гана 7,5% пайыз болуп жатпайбы. Азык-түлүк, тамак-ашты алганда 18% пайыздан өйдө болуп жатат. Быйылкы жылдын орточо айлык маянасы 34 000 сом болуп жатканы менен 11% га көтөрүлүп жатат. Мындай караганда айлыктын көтөрүлгөнү жакшы болду инфляцияны жаап. Бирок баары бир деле 34 000 сом бир адамга аз. Адам болгондон кийин кийим алыш керек, саякатташ керек, балдарына бериш керек дегенде. 34 000 сом негизи эле аз. Бирок жакшы бир нерсени белгилеп кетчү нерсе бар. Азыркы бийлик кандай болсо дагы айлык акыны көтөрүүнүн жолдорун караштырып, ар кандай пландарды ишке ашыруу аракеттерин көрүп жатат».
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Кыргызстанда 91 миң 600 адам жумушсуз экенин билдирди. Анын ичинен 64 миң 600ү жумушсуз катары расмий каттоодо турат.
Улуттук статистикалык комитеттин 2024-жылдын 1-апрелине карата берген маалыматы боюнча жумуш издеп мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуздардын саны 84 миң адамды түздү.
Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 44,7%ы аялдар.