Биз менен байланышыңыз

Бишкекте угуусу начар балдарга Катардан келген хирургдар операция жасайт

Кыска кабар | 13 мая 2024 | 179 | 0

Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Катар мамлекетинен хирургдар тобу келди. Меморандумга ылайык, хирургдар 18-майга чейин угуусу начар балдарга опрацияларды жасайт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Катар өкмөтү финансылык чыгымдарды, анын ичинде кохлеардык имплант системасын камсыз кылуу, хирургиялык операциялар, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан бир хирургду жана жардамчы медициналык кызматкерди окутууну өз мойнуна алат. Алар ошондой эле операциядан кийин балдардын реабилитациясы менен байланышкан чыгымдарды камтыйт.

11-майга карата 8 балага операция жасалды. Бул операциянын маңызы ички кулакка орнотулган импланттын ички бөлүгү өмүр бою калат. Сырткы бөлүгү — сүйлөө процессору — 5 жылда бир алмаштырылышы керек.

Операциялар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жасалат, анда угуусу начар балдарды диагностикалоо, хирургиялык кийлигишүү жана операциядан кийинки медициналык реабилитациялоо үчүн бардык керектүү жабдыктар бар жана кохлеардык имплантацияга балдарды тандоо үчүн комиссия жөнүндө бекитилген жобо бар.

Жалпысынан улуттук борбордо буга чейин кохлеардык имплантация боюнча 167ден ашык балага операция жасалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM