Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн премьер-министрин өзгөрткөн жок. Өкмөттү кайрадан Михаил Мишустин жетектейт.
Ал бул кызматты 2020-жылдын башынан бери ээлеп келет.
Орусиялык маалымат агенттиктери Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володинге таянып кабарлашкандай, Путин Мишустиндин талапкерлигин 10-май күнү таң эрте сунуштаган. Мамлекеттик Думанын күн тартибинде бүгүн ушул маселе каралат. Анын алдында премьерликке талапкер парламенттеги бардык фракциялардын депутаттары менен жолугушат.
Орусиянын өкмөтү 7-майда Путиндин инаугурациясынан кийин отставкага кеткен. Бул күнү орус лидери өкмөттүн ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жарлыкка кол коюп, министрлер кабинети өз милдеттерин аткарууну уланта турганын тактаган.