Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү.
Иш-чара Жеңиш аянтында болуп, ага өлкөнүн саясий жана аскердик жетекчилиги, ардагерлер, Улуттук гвардиянын жоокерлери жана шаардын тургундары катышты.
Алгач Өчпөс отко гүлчамбар коюлуп, согушта курман болгондор эскерилди.
Иш-чарадан кийин борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн курал-жарактардын жана аскердик техниканын, ошондой эле «Солдат боткосу» көргөзмөсү болду.