Бишкек шаарынын мэриясы «Асанбай» сейил багынын аймагына заманбап оюн-зоок паркын куруу пландалып жатканын белгилейт.
Мэриянын маалыматына караганда, парк жаңы форматта болуп, аттракциондору жаңыртылат. Эс алуу аймагы коопсуздук эрежелерине жооп берген аттракциондор менен жабдылып, балдар үчүн акватория ж.б. болот. Учурда иштеп жаткан зоопарк жалпы концепцияга ылайык келген үчүн ишин уланта берет.
«Бишкек башкы архитектура» ишканасы тарабынан долбоор иштелип жатканы, парктын жалпы концепциясы курулуш нормаларын эске алуу менен иштелип чыгары айтылды.
Учурда сейил бакта эски аттракциондор алынгандан кийинки курулуш таштандыларынан тазалоо иштери жүрүп жатат.
Бишкек мэриясы бул парктын аймагында көп кабаттуу турак жайларды куруу планда жок экенине ишендирет.