Биз менен байланышыңыз

Сузакта жабыркаган балдарга Бишкек мэринин фондунан 50 миң сомдон бөлүндү

Кыска кабар | 7 мая 2024 | 208 | 0

Бүгүн, 7-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жалал-Абад облусунун Сузак районунда «Манас айтуу» иш- чарасы учурунда жүк ташуучу унаа тебелеп кеткен балдардан кабар алышты.

Учурда жабыркагандар шаардык медициналык тез жардам клиникалык балдар ооруканасында (3-балдар ооруканасы) дарыланууда. Дарыгерлердин айтымында, өспүрүмдөрдүн абалы жакшыра баштады.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, жабыркаган ар бир балага дарылоо жана реабилитациялоо үчүн Бишкек шаарынын мэринин резервдик фондунан 50 миң сомдон бөлүндү.

2-майда Сузак районунда манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 адам ар кандай жараат алган.

Өспүрүмдөрдү сүзүп кеткен окуя боюнча комиссия түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM