Connect with us

Сузак: Портер сүзүп кеткен балдардын абалы кандай экени айтылды

Кыска кабар | 3 Май 2024 | 1555 | 0

Сузак районунда массалык манас айтуу учурунда жабыркаган балдарга операция жасоо уланууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынан билдиришти.

Кечээ, 2-майда кырсыкка кабылган эки окуучуга операция жасалып, учурда алардын абалы туруктуу. Ал эми дагы бир окуучуга бүгүн операция жасалат.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, 3-майга карата облустук ооруканада 12 бала жатат. Анын бешөө жандандыруу бөлүмүндө.

Белгилей кетсек, министр Алымкадыр Бейшеналиев учурда балдардын абалы менен жеринен таанышып, бардык дары-дармектер камсыздалганын жана тийиштүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп жатканын билдирген.

Учурда жабыркаган балдардын ата-энелери үчүн кризистик борбор уюштурулган. Аларга психологиялык жардам жана тамак-аш менен камсыздоо жагы каралган.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кечээ, 2-майда массалык манас айтуу сынагына даярдык учурунда Хюндай портер үлгүсүндөгү унаа 29 баланы сүзүп кеткен.  Жабыркагандардын дээрлик баары 9-16 жаштагы окуучулар жана бири мугалим.

Массалык манас айтуу боюнча Билим берүү министрлиги сынак жарыялаган. Бул президенттин «Манас» эпосун даңазалоо жана аны жайылтууга байланыштуу жарлыгынын негизинде уюштурулган. Байге фонду 3 миллион сом деп белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM