Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык 4 балбан Түркияда өтө турган лицензиялык турнирге катышат

Кыска кабар , Спорт | 2 мая 2024 | 441 | 0

Түркиянын Стамбул шаарында 9-12-май күндөрү Париждеги олимпиада оюндарына дүйнөлүк лицензиялык тандоо турнири өтөт.

Жолдомо үчүн күч сынашууга Кыргызстандан эркин күрөш боюнча 4 балбан килемге чыгат.

Алар:

74 кг чейин — Орозбек Токтомамбетов

86 кг чейин — Атай Изабеков

97 кг чейин — Андрей Аронов

125 кг чейин — Айаал Лазарев

Францияда өтө турган олимпиада оюндарына жолдомолор 1-2-3 орунду ээлеген спортчуларга ыйгарылат.

Учурда Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын Париждеги Олимпиада оюндарына эки лицензиясы бар, алар Бишкекте өткөн Азия лицензиялык турниринде жеңишке жетишкен.

Эркектер арасында эркин күрөш боюнча мелдеш 11-12-майда өтөт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM