Connect with us

БШК: Добуш берүүгө шайлоочулар аз катышууда

Кыска кабар | 28 Апр 2024 | 160 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн добуш берүү уланууда үч шайлоо округунан жалпы 30 талапкер депутаттыкка ат салышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 16:00 го карата тараткан маалыматы боюнча

№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан 18 967 шайлоочу добуш берген. Бул көрсөткүч шайлоочулардын 16.88% түзөт.

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан 12 644 шайлоочу добуш берген. Бул көрсөткүч шайлоочулардын 11.29% түзөт.

№9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан  15 851 шайлоочу добуш берген. Бул көрсөткүч шайлоочулардын 12.64% түзөт.

Добуш берүү үчүн шайлоо участкалары кечки саат 20:00 го чейин иштейт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM