Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн добуш берүү уланууда үч шайлоо округунан жалпы 30 талапкер депутаттыкка ат салышууда.
Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 16:00 го карата тараткан маалыматы боюнча
№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан 18 967 шайлоочу добуш берген. Бул көрсөткүч шайлоочулардын 16.88% түзөт.
№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан 12 644 шайлоочу добуш берген. Бул көрсөткүч шайлоочулардын 11.29% түзөт.
№9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан 15 851 шайлоочу добуш берген. Бул көрсөткүч шайлоочулардын 12.64% түзөт.
Добуш берүү үчүн шайлоо участкалары кечки саат 20:00 го чейин иштейт.