Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров экономикалык өсүш бардык тармакта болгонун айтты

Кыска кабар | 25 Апр 2024 | 104 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылы экономикалык өсүш бардык тармактарда камсыздалганын айтты.

Бул тууралуу ал өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Президенттин Администрациясынын коллегиясында билдирди.

Жапаров эл аралык республикалык институттун (IRI) изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстандын президентинин саясатын колдоо деңгээли 82 пайызды түзсө, бир жыл мурун бул көрсөткүч 86% түзгөнүн белгиледи.

«Менин түшүнгөнүм боюнча, бул биздин өлкөнүн тарыхында гана эмес, азыркы дүйнөдө да чыныгы рекорддук деңгээл. Биз өлкөнүн ИДПсын эки эсе көбөйттүк. Экономикалык өсүү темптери акыркы үч жылда орточо 7%дан ашык, бул экономиканын учурдагы пост-ковид жана геосаясий кырдаалга акырындык менен ыңгайлашып, туруктуу өнүгүүгө карай жылып баратканынан кабар берет. 2023-жылы экономикалык өсүш экономиканын бардык тармактары менен камсыз болду: өндүрүштүн көлөмү курулушта 10,3%, тейлөө чөйрөсүндө 6,2%, өнөр жайда 2,7%, айыл чарбасында өсүш 0,6% түздү. ИДП жан башына дээрлик 2 миң долларды түздү», — деди өкмөт башчы.

Минкаб башчысынын айтымында, Экономика жана соода министрлиги 2024-жылга карата ички дүң продукциянын көлөмү 1 триллион 410 миллиард сомдон ашат деп болжолдоодо, ал эми реалдуу өсүү темпи 6 пайызды түзөөрү күтүлүүдө.

Инфляция 2023-жылы 13,9%дан 10,8%га төмөндөдү жана 2024-жылга карата 5,5%дан 6,5%га чейин болушу болжолдонууда.

«Биз 2024-жылдын биринчи кварталын 8,8% өсүш менен аяктадык. Өлкөнүн бюджетинин киреше бөлүгүн дээрлик үч эсе көбөйттүк. 2023-жылы консолидацияланган бюджет 575 миллиард сомдон ашты, ал эми 2024-жылга 600,7 миллиард сом пландалууда, бирок Каржы министрлиги бул көрсөткүчтөн ашат деп болжолдоодо. Жакынкы 3 жылда бюджетти 1 триллионго жакындатуу боюнча жакшы прогноздор бар», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM