Биз менен байланышыңыз

Азия кубогу: Кыргызстандын футзалчылары Иранга утулду

Кыска кабар | 24 Апр 2024 | 89 | 0

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы бүгүн, 24-апрелде Азия кубогунун чейрек финалында Иран курамасына каршы ойноду.

Оюн 1-6 эсеп менен Иран курамасынын пайдасына аяктады. Кыргызстандын улуттук командасынын оюнчусу Донер Аманбаев оюндун биринчи бөлүгүнүн 9-мүнөтүндө гол киргизди.

Эгерде Өзбекстан-Вьетнам беттешинде, Өзбекстан курамасы утушка ээ болсо, Кыргызстандын футзалчылары Дүйнө чемпионатына болгон акыркы жолдомо үчүн ойношот.

Кыргызстан «С» тайпасында Тажикстан, Жапония жана Түштүк Кореянын командалары менен беттеш өткөргөн.

Алгачкы оюнда Азиянын учурдагы чемпиону Жапония менен ойноп, 2-3 эсебинде жеңген. Ал эми Тажикстан менен 2:2, Түштүк Корея менен 5:5 эсебинде тең чыккан. Жалпы оюндун жыйынтыгында Кыргызстан 5 упай топтогон.

Жыйынтыгында «С» тайпасынан Тажикстан беш упай тайпадан биринчи болуп чыкты. Ал эми Кыргызстан да беш упай топтоп,бирок бир гол айырмачылыгы менен экинчи болуп чыккан. Жапония төрт упай топтосо, Түштүк Корея бир упай топтогон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM