Биз менен байланышыңыз

Ички каттамдардын кымбаттыгына нааразылык

Коом , Экономика | 23 Апр 2024 | 490 | 0

Өлкө ичинде каттаган учак билеттеринин баасы кымбат болуп жатканы жөнүндө жарандардан кайрылуу болууда.  Алар учакка билет баасы төрт мин сомдон, беш миң сомго чейин көтөрүлгөнүн, бул баа карапайым элдин капчыгына оор келерин айтышууда.

Бүгүнкү күндө ички аба каттамдарын үч компания аткарат. Ал эми билет саткан аггенттиктер акыркы эки-үч айдын ичинде билеттин баалары 4-5 миң сомдон болуп жатканын айтышууда. Монополияга каршы күрөшүү кызматы учурда билет бааларына карата олуттуу озгөрүү жок экенин билдирип, жарандарды авиакомпаниялардын расмий сайттарынан гана билет алууга чакырууда. Кыргызстандын ичиндеги учак каттамдарына билет баалары канча болуп жатат?

Бишкек шаарынын тургуну Алмаз Исабеков жумуш сапары менен Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча байма-бай каттайт. Ал акыркы учурда авикаттамдарга билет баасы көтөрүлүп, кыйынчылык жаратып жатканын айтууда.

«Акыркы учурда билеттердин баалары кымбаттап, кыйынчылык жаратып жатат. Мурда билет баалары үч миңдин тегерегинде болсо, азыр эң арзаны төрт миң сом болуп жатат. Эң кымбаты беш миңге чейин да көтөрүлүүдө. Бул жумуш сапар менен, үй-бүлөдөн кабар алганы бат-баттан каттап турган жарандар үчүн аябай кыйынчылык жаратат экен. Ички каттамдардын билет баасына бир көзөмөл жүргүзүп койсо жакшы болмок«.

Ички каттамдардын билет баасын билүү үчүн бир канча жеке менчик авикассаларга катардагы жаран катары байланышып, бааларды сурап көрдүк.

Саламатсызбы? Бишкек-Ош багыты боюнча билет баасы канча болуп жатат?

Саламатсызбы, кайсы күнгө?

25-апрель, кечки каттамдар барбы?

Бир кишиге 3900 сом болот экен. Кечки каттамдар жакындаган сайын баасы көтөрүлө берет, ошондуктан эки жума мурда алдын ала алып коюш керек. Ошондой эле дагы бир компания бар анын билет баасы төрт миң сомдон жогору.

Айрым авиакассалар акыркы эки, үч айдан бери билеттердин баасы төрт миңден, беш миң сомго чейин болуп жатканын айтышты.

TezJet Airlines авиакомпаниясынын сайтына көз чаптырып көрсөк, Бишкек-Ош багыты боюнча бир жүргүнчүгө 3 900дөн 4 150 сомго чейин экенин көрүүгө болот.

Ал эми Avia Traffic Company компаниясынын сайтында бир кишиге учактын билетинин баасы бир тарапка 4 000 миң сом экенин көрүүгө болот.

Өлкөдө баалар адаттан тыш жогорулаганда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бааларга көзөмөл кылат.

Аталган мекеменин жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Санжар Кокошеров авикомпканиялардын билет баалары түз көзөмөлдөнбөй турганын айтты.

«Бишкек-Ош-Бишкек катамдары боюнча үч авиакомпания кызмат көрсөтөт. TezJet Airlines менен Avia Traffic Company компаниялары үстөмдүк абал ээлген субъекттердин ресстрине кирген. Алардын ишмердүүлүгү боюнча байкоо жүргүзүп турабыз, бирок билеттердин баасы боюнча түз көзөмөлдөй албайбыз. Бүгүнкү күндө эки компанияда тең билет баалары төрт миңге чейин, 5500 деоген тариф жок«.

Ошондой эле ал жарандарды ар бир авиакомпаниянын өздөрүнүн сайтына кирип билет алышы керектигин, себеби агенттиктер өздөрүнүн үстөк пайызын кошуп саткан учурлар бар экенин кошумчалады. Ал билет баасы кымбат болуп жатса, авикомпанпияга же монополияга каршы жөнгө салуу кызматына кайрылуу керектигин эскертти.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ички авиакаттамдардын баасын төмөндөтүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, тийиштүү мамлекеттик мекемелер авиабилеттердин кымбатташына жол бербөө үчүн иш алып баруусу зарылдыгын айткан.

Жарандар ички аба каттамдардын билеттери кымбат экендигин буга чейин да бир канча жолу айтып чыгышкан. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, чара көрүү керектиги айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM