Биз менен байланышыңыз

«Ала-Тоо» университетинин IT жана бизнес колледжи абитуриенттерди чакырат

Кыска кабар | 23 Апр 2024 | 269 | 0

«Ала-Тоо» эл аралык университетинин алдындагы IT & Business колледжи 9-класстын окуучуларын 2024-2025 окуу жылына кабыл алуу үчүн кирүү сынагына чакырат.

Сынак 27-апрелде саат 08:00дөн 12:30га чейин англис тили жана математика сабактарынан тестирлөө форматында өткөрүлөт:

Англис тили — грамматика, лексика, окуу жана түшүнүү (100 суроо, 120 мүнөт)

Математика — математика жана логика (50 суроо, 60 мүнөт)

Катышуучулар карандаш, калем жана өчүргүч алып келүүсү керек. Сынакты тапшыруу акысыз.

Суроолор боюнча төмөнкү телефон номерлери аркылуу байланыша аласыз:

+996 (555) 250-703

+996 (505) 250-703

Дареги: Тунгуч кчр., Анкара көч. 1/8, С Блок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM