Биз менен байланышыңыз

Президент британ министри менен сезондук эмгек миграция маселелерин талкуулады

Кыска кабар | 23 Апр 2024 | 84 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга расмий сапары менен келген Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмеронду кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз-британ кызматташтыгынын, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана транспорт тармактарындагы перспективалар тууралуу пикир алмашуу болду.

Ошондой эле тараптар билим берүү жана сезондук эмгек миграциясы маселелери боюнча эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн, регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу темаларды талкуулашты.

Дэвид Кэмерон кыргыз-британ кызматташтыгын өнүктүрүүнүн жана бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле эки өлкө ортосундагы чоң потенциалды айтты.

Садыр Жапаров Дэвид Кэмерондун Кыргызстанга болгон расмий сапары Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы кызматташууга жаңы дем берет деген ишенимин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM