Кыргызстандын Улуттук банкы 25 млн 850 миң доллар сатып алды. Бул тууралуу Улуттук банк сайтына жарыяланды.
Маалыматта айтылгандай, 16,5 млн доллары бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен жана 9 млн 350 миң доллары бүтүм жасалган күндөн башка күнгө эсептешүүлөр менен сатып алынды.
Улуттук банк ушуну менен жыл башынан бери төртүнчү ирет интервенция жасап, доллар сатып алууда.
Бүгүн, 23-апрелге карата доллардын сомго карата расмий курсу 89 жана 88,85 сомду түздү.
Улуттук банк 2023-жылы сомдун курсун бир калыпта кармоо үчүн 655,72 млн долларды соодалаганын кабарлаган.