Биз менен байланышыңыз

Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Кыска кабар | 20 Апр 2024 | 100 | 0

Быйыл Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова лицензия алды. Ал бүгүн, 20-апрелде Бишкектеги Арена спорт комплексинде өткөн мелдеште 68 кг салмакка чейинкилер арасында клемге чыкты.

Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн балбан кыз Мээрим Жуманазарова өзбекстандык Набира Эсенбаеваны 7-2 эсебинде жеңип, Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына лицензия алды.

Мунун ал Олимпиада оюндарына Кыргызстанга  сегизинчи  жолдомону алып келди.

Буга чейин 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде жети жолдомо бар. Былтыр грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, эркин күрөш боюнча  Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев жана кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Андын тышкары суучул Денис Петрашов да Жапонияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында Олимпиадага катышууга лицензия уткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM