Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Орусияда суу каптоодон жабыркагандарга гумжардам жөнөттү

Кыска кабар | 20 Апр 2024 | 87 | 0

Кыргызстан Орусия Федерациясынын суу каптоодон жабыркаган Оренбург облусуна гуманитардык жардам жөнөттү. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 350 тоннадан  турган гумжардамды өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жерине жеткирет. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

20-апрель күнү 20 жүк ташуучу унаадан турган “Жардам кербени” жолго чыкты. Казакстан аркылуу Орусиянын Оренбург облусуна жеткирилет.

Гумжардамдын курамында тамак-аш, турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана кийим-кече топтомунан даярдалды.

Тамак-аш азыктарынан: ун, шекер, күрүч, гречка, чай, өсүмдүк майы, эт консервасы, таттуу шире (сок), таттуу азыктары, тез даярдалуучу кесме, кургак сүт, кургак кесмелер.

Турмуш-тиричилик буюмдарынын топтомуна: суу сордуруучу мотопомпа, керебет, матрац, жеңил жууркан (одеяло), жаздык, күрөк, лампочка, кум ташыган замбил (носилка), чатыр.

Кийим-кече топтомуна: чоңдор жана балдар үчүн куртка, жылуу ич кийим (термобелье), резина өтүк, курулушка ылайыкталган.

Орусиянын Казакстан менен чектеш түштүк аймактарында, Оренбург облусунун Орск шаарынан башталган сел Кемерово жана Томск облустарына жеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM