Бүгүн, 20-апрелде Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Бангкок шаарында өтүп жаткан 2024-жылкы футзал боюнча Азия Кубогунун тайпалык экинчи турдук оюндардын алкагында Тажикстандын курмасы менен ойноду.
Оюндун жыйынтыгында 2-2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Кыргызстандын курма командасынан Шохрух Махмадаминов (37′) жана Максат Алимов (39′) гол киргизди.
Кыргызстан алгачкы беттешин Жапониянын курама командасы менен ойноп, 3:2 эсебинде жеңген.
Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Жапония, Тажикстан жана Түштүк Корея менен «С» тайпасында жайгашкан.