Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги ботаникалык бактын бир бөлүгү эс алуу багы болду (сүрөт)

Кыска кабар | 20 Апр 2024 | 95 | 0

Бишкек шаарындагы Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактын Горький көчөсүндө жайгашкан бөлүгү реконструкцияланып, сейил бак болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Садыр Жапаров экономиканы өнүктүрүү менен бирге, Кыргызстандын жаратылышын сактап калууга багытталган «Жашыл Мурас» демилгелерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын айтты.

Мындан тышкары, быйылкы жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 8 миллион көчөт отургузуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү пландалган.

Президент Ботаникалык бактын кейиштүү абалын көрүп, ошондой эле анын экологиялык абалды жакшыртуудагы ролун жана республика аймагына түркүн көчөттөрдү отургузуудагы салымын эске алуу менен, өсүмдүктөрдү өстүрүү жана оңдоп-түзөө иштерин аткаруу аркылуу аны калыбына келтирүү чечимин кабыл алганын эске салды.

Себеби Улуттук илимдер академиясына тийиштүү Ботаникалык бак – бул Кыргызстандын жаратылыш флорасындагы өсүмдүктөр ресурсун туруктуу пайдалануу максатында селекциялоо, сактоо жана байытуу жаатындагы алдыңкы илимий мекеме, биологиялык түрлөрдү изилдөө жана сактоо боюнча башкы борборлордун бири. Башкача айтканда, улуттук байлыгыбыз, — деп  белгиледи президент.

Улуттук илимдер академиясына караштуу Ботаникалык бак 1938-жылы негизделип, 1996-жылы ага биолог окумуштуу Энвер Гареевдин ысымы берилген. Анын жалпы аянты 174,17 гектарды түзөт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM