Биз менен байланышыңыз

Эл аралык медицина мектеби Улуттук тазалык күнүнө катышты (сүрөт)

Кыска кабар | 20 Апр 2024 | 171 | 0

Бүгүн, 20-апрелде Эл аралык жогорку медицина мектебинин жамааты менен Кыргызстандагы Улуттук тазалык күнүнө карата ишембилик өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.

Белгилей кетсек, Улуттук тазалык күнү жөнүндө КР Президентинин жарлыгы чыккан.

Эл аралык жогорку медициналык мектеби да өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртууга активдүү катышып жатат.

«Бүгүнкү Тазалык күнү – бул ар бир адам үчүн таза жана жашыл келечекти түзүүгө кошкон салымыбыз. Биз таштандыларды чогултабыз, айлана-чөйрөбүзгө кам көрөбүз жана кайра иштетүү демилгелерин колдойбуз» — деп мектептин администрациясы белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM