Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык үч балбан Олимпиадага жолдомо үчүн күрөшөт

Кыска кабар | 20 Апр 2024 | 173 | 0

Бишкек Арена спорт комплексинде быйыл Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо беүү турнири өтүүдө.

Бүгүн мелдештин экинчи күнүндө Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн Кыргызстандан үч спортчу күч сынашат.

53 килограммга чейинки салмак ченинде Айжан Сабырбек кызы биринчи айлампаны кое берип, жарым финалга чыгуу үчүн күрөштө өзбекстандык Шохида Ахмедова менен кез келет.

57 кг салмакта Калмира Билимбек кызы жарым финалга чыгуу үчүн индиялык Аншу Аншу менен беттешет.

Ал эми Мээрим Жуманазарова чыга турган 68 килограммга чейинки салмак ченинде спортчулар эки кичи топко бөлүнүп, айлампа форматында күч сынашат.

Алгачкы беттеште кыргызстандык балбан кыз казакстандык Елена Шалыгина менен беттешет.

Экинчи айлампада Мээрим Жуманазарова индиялык Ниша Ниша менен кез келет.

Үчүнчү айлампада кыргыз балбаны Түндүк Кореянын өкүлү Сол Гум Парк менен күч сынашат.

Ошентип, Парижге жолдомо үчүн ат салышкан турнирдин жарым финалчылары аныкталат.

Турнир кечээ, 19-апрелде башталып, кыргызстандык эки балбан Олимпиадага жолдомо утупалды.

Ушул тапта 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде жети жолдомо бар. Былтыр грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, эркин күрөш боюнча  Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев жана кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Андын тышкары суучул Денис Петрашов да Жапонияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында Олимпиадага катышууга лицензия уткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM