Биз менен байланышыңыз

Футзал: Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстан беттешет

Кыска кабар | 20 Апр 2024 | 84 | 0

Бүгүн, 20-апрелде Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Бангкок (Таиланд) шаарында өтүп жаткан 2024-жылкы футзал боюнча Азия Кубогунун тайпалык экинчи турдук оюндардын алкагында Тажикстан менен ойнойт.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталат. Беттешти УТРКнын «Спорт» каналы түз алып көрсөтөт.

Кыргызстан алгачкы беттешин Жапониянын курама командасы менен ойноп, 3:2 эсебинде жеңген.

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Жапония, Тажикстан жана Түштүк Корея менен «С» тайпасында жайгашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM